Антеридий

Википедия дан

Антеридий (грекче antheros - гүлдөгөн) - споралуу өсүмдүктөрдүн (балырлар, мамык чөптөр) жана кээ бир козу карындардын (аскомицеттер, хитридиомицеттер) аталык жыныс органы. Антеридийде сперматогендик клеткадан кыймылдуу (кызыл балырларда кыймылсыз) аталык гамета сперматазоиддер пайда болот. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө сүйрү же тоголок денече түрүндө болуп, капталы бир же бир нече катмар стерилдүү клеткалардан турат. Аскомицеттерде антеридий айрым гаметаларга бөлүнгөн, анын ичиндеги суюктук энелик клетканы уруктандырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1