Антинейтрон

Википедия дан

Антинейтрон ( n) — нейтрондун антибөлүкчөсү. Антинейтрондун электр заряды жок, массасы, спини жана магнит моментинин абсолюттук чоңдугу нейтрондукуна барабар. Антинейтрондун магнит моменти оң, ал эми нейтрондуку терс мааниге ээ. Антинейтронду 1956-жылы Б. Корк, Г. Ламбертсон, О. Пиччони, В. Венцель (АКШ) антипротондорду чачыратуу тажрыйбасында ачышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1