Антипатия

Википедия дан

Антипатия (грекче antipatheia - жактырбоо) - адамдын кимдир бирөөнү (же бир нерсени) жактырбоо, кастык кылуу, жек көрүү менен мүнөздөлүүчү эмоциялык мамилеси. Ал адамдын тышкы турпатынын айрым белгилеринен, үнүнөн, мамилесинен жана башка байкалышы мүмкүн. Симпатия сыяктуу эле антипатия түшүнбөстүктөн же түшүнүп баамдоодон болушу ыктымал. Түшүнбөстүктөн болуучу антипатия негизинен балдардын турмуштук тажрыйбасынын жетишсиздигинен, адамдардын кылык-жоруктарын жеткиликтүү талдап биле албагандыгынан келип чыгат. Түшүнүп баамдоодон жаралуучу антипатия көз караштын, кызыкчылыктын, сезимдердин кескин түрдөгү айырмалуулугунан, жалпысынан алганда бири-бирине кас социалдык же саясий топторго таандык болгондуктан, турмушка ар түрдүү көз карашта мамиле кылуучулуктан келип чыгат. Кээде көрө албастык сезимине айланып кетиши ыктымал. Ошондуктан тарбиячылар балдарды өздөрүнүн тигил же бул эмоциялык абалынын себептерин сезе билүүгө, башка адамдар менен мамилени алардын эң негизги адамдык баркын жана кемчиликтерин туура баалоонун негизинде түзүүгө үйрөтүү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1