Тарбиячы

Википедия дан

Тарбиячы – тарбиялык таасирди ишке ашыруучу адам же коллектив (мугалимдер, окуучулар, коомчулук, үй-бүлө коллективи). Билим берүүчү (таалим-тарбиялоочу) мекемелерде тарбиялык милдеттерди аткаруучу кызмат адамы. Билим берүүчү мекемелерде ал милдетти бардык мугалимдер аткарат; ал эми V–XI класстарга тарбия иштерин уюштуруу жана шайкеш келтирүү үчүн класс жетекчилер дайындалат. Ал эми балдар үйлөрүндө, мектеп-интернаттарында, узартылган күнү бар мектептерде, аскердик мектеп, колледждерде ар бир класска же группага атайын тарбиячы кызматкеркердик кызматтык орун (штат) каралат же бекитилет. Ошондой эле мектепке чейинки мекемелерде иштеген педагогдор да тарбиячы кызматкер деп аталат. Тарбиячы кызматкерге болгон негизги талаптар эң жогорку өздүк адеп-ахлактык сапаттар, балдарга ызаат-урмат жана сүйүү менен мамиле жасоо, жаш курактарына ылайык талап кыла билүү; аткарган иштерине зарыл болгон атайын (педагогикалык социалдык жана башка) билимдерге ээ болуу, тарбиялануучуларды уюштура билүү ыгынын болушу жана алардын түрлүү иштерине кол кабыш бере билүүсү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004.