Антипина Алиса Борисовна

Википедия дан

Антипина Алиса Борисовна (1938-жылы туулган) - СССР спортуна эмгек сиңирген чебер (1968). Ал 1955-жылдан баскетбол менен машыгып, 1961-жылы спорттун чебери болгон. СССР курама командасынын курамына 1962-жылы кирген. 1964-жылы Перунун Лима, 1967-жылы Чехословакиянын Прага шаарларында СССР курама командасында ойноп, дүйнөнүн чемпиону болгон. СССР спортунун эл аралык класстагы чебери (1967). СССР элдеринин беш спартакиадасына катышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1