Антогонизм

Википедия дан

Антогонизм -(грекче antagonisma – талаш, күрөш) – карама-каршы тенденциялардын, күчтөрдүн жана коомдук таптардын өз ара келишпес курч күрөшүн билдирүүчү каршылыктардын бир түрү. Антогонизм термини карама-каршы күчтөрдүн күрөшүнүн мааниси диний системаларда, Канттын Шопенгауэрдин ж. б. философиялык окууларында колдонулган. Ушундай эле мааниде Антогонизм биологияда, математикада, оюндардын теориясында колдонулат. Марксизм-ленинизм окуусу таптардын ортосунда Антогонизм таптык күрөш жолу менен жүзөгө ашарын көрсөтүшкөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8