Антропоморфизм

Википедия дан

Анимизмдин формаларынын бири – адамга мүнөздүү болгон психикалык касиеттердин жаратылыш кубулуштарына (жаныбарларга,предметтерге),анын ичинде Кудайды адам кейпине же жаралган нерсеге макулука окшоштуруу.

Антропоморфизм (гр. – адам ж-а түр, форма деген сөздөр) – жандандыруунун бир жолу болуп, анда кандайдыр бир жансыз буюмга, жаныбарларга адамдык касиет-сапат ыйгарып сүрөттөлөт. Мисалы: "Кожожаш" эпосундагы Сур эчки Ч. Айтматовдун “Кыямат” романындагы Акбаранын образына антропоморфизм мүнөздүү. Кээде бүтүн чыгарма ушул ыкмада жазылышы да мүмкүн.

Колдонулган адабият. «Кыргыз Адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы.» Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004