Антропоморфтук образ

Википедия дан

Антропоморфтук образ (гр. anthropos — адам жана morphe — түр, форма, кейип) — адам кейиптүү, жансыз нерселерге, табият кубулуштарына, ай-жылдыз, жан-жаныбарларга, мифтик жандыктарга кишинин касиетин (сүйлөө, ойлоо, туюм, сезим жана башкалар) киргизүү. А. о. элдик оозеки чыгармачылыкта көп кездешип, айрыкча жөө жомок, эпостордо жан-жаныбарлар (айбанат, канаттуу) жана жансыз нерселер (тооташ, суу, өсүмдүктөр) адамча сүйлөп, ойлоп кишидеги касиетке да ээ болушат. А. о. оң же терс каарман катары да кезигет. Бирок, алардагы оң же терс сапаттар так кесе айтылбайт. Чыгыш элдеринин мифологиясында дөө, перилер бирде оң, бирде терс сапатка ээ. Элдин ишениминде айрым булак, тоо, суу, мазар ээлери да А. о-га жатат. Дөө, албарсты, жиндерден өзгөчөлөнүп, мифологиялык образ катары пери адам баласына кас эмес, тескерисинче аны колдойт. «Манас» эпосунда да А. о-ды көп кезиктирүүгө болот. Ч. Валиханов 1856-ж. Ысык-Көлдөн жазып алган «Көкөтөйдүн ашында» Манас Жолойду кууп баратканда минген атына тил бүтүп мындай дейт: Айланайын атыңдан, ээм, Мен көргөндү көрдүңбү, ээм? Мен билгенди билдиңби Ошо Сары-Белдин жонунда. Кырчактын кызыл түлкү кубулуп. Кечээги каапыр Жолойдун Өткөн сулуу кызы экен. Ошондо бизди көрүп калыптыр Адамдын жиберген эриби? Кудайдын жиберген кулубу? Жерден чыккан жек бекен? Жебирейил шум бекен? Андан чыккан сук бекен? Шумурайыл шум бекен? Каапыр Жолой капырдын Бар кароолу ал экен (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 85-б.). Манас Жолойду колго түшүргөндө, Ачбуудан Манастан ээсинин жанын сурайт: Карчыга болгон Ачбуудан Айланып жүрүп үн салды: Хан, ээмдин карга чокуур канын кой соңчу Түлкү шимшүүр жыттык дагы койсоңчу Атаңдын кеги бар беле Эми, баштагыдай жакшы боло албайм (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 87-б.),— деп алоолонгон отко түшүп кайып болуп кетет. Ошондой эле эпосто мындай образдар көп кездешет. Мисалы, Нескаранын Чабдар аты (Сагымбай Орозбаковдун варианты), Кыястын Төөторусу (Саякбай Каралаевдин варианты) да адамча сүйлөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4