Антропонимдер

Википедия дан

Антропонимдер (гр. anthropos — киши, оnyma — ат, ысым) — энчилүү адам аттары, ысымдар, фамилиялар, атасынын аттары, ылакап аттар, псевдонимдер, патронимдер, андронимдер, гинеконимдер кирет. Көркөм адабиятта А-дин колдонулушун поэтикалык антропонимика изилдейт. Көркөм чыгармадагы каармандын ысымы адатта көркөм талапка байланыштуу тандалып алынат жана кейипкерди мүнөздөөчү каражаттардын бири болуп саналат. Чакыруу үчүн же стилдик, а түгүл кээде социалдык-идеологиялык мааниге да ээ болот. «Манас» эпосунда каармандардын абдан көптүгүнө байланыштуу ысымдар да өтө арбын жана алар түрдүүчө милдет аткарышат. Башкы каарман Манастын ысымына байланыштуу атайын изилдөөлөр бар, бул ысымдын чыгыш төркүнү, айрыкча мааниси ар түрдүүчө пикирлерди пайда кылып жүрөт. Чоң казаттын башында антаңдап шашып келген Чубак Манасты ойготкондо, ал кенеп да койбостон: «Жоо болсо, нетербиз, Жолуң болгур ыйлаба, Уруша-уруша чыгып кетербиз» — дейт. Ошондо Чубак: Аты да Манас турбайбы, Заты да Манас турбайбы, Өзү да Манас турбайбы, Сөзү да Манас турбайбы (Сагымбай Орозбаков, 4.308— 309),— деп ага ыраазы болот. «Манас» деген сөз кандай мааниге ээ экендиги азырынча талаш маселе. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Каныкейдин кыз кезиндеги аты Санирабига, Манаска турмушка чыккандан кийин кандын никейине турду делип, анан Каныкей аталат (Сагымбай Орозбаков, 2.416). Стилдик маанидеги ысымдар да эпосто көп учурайт. Мисалы, Сыргактын, Серектин, Ырчыуулдун ысымдары алардын кулк-мүнөздөрүнө, аткарган иштерине жараша берилген. Эпосто ошондой эле аталып гана өткөн эпизоддук ысымдар да арбын.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4