Антропохория

Википедия дан

Антропохория (antropos – адам, гр. choro – таралуу) – адамдын иш аракети аркылуу өсүмдүк диаспораларынын таралуусу. Антропохория түз жана кыйыр болот. Кыйыр Антропохорияда сугат суулары, кык жана үй жаныбарлары аркылуу таралат. Түз А-де транспорт жана жерди кайра иштетүү аркылуу отоо чөптөрдүн уруктары таралат. А-нын түздөн түз жүрүшү а. ч. техникалары менен жерди иштетүүнүн натыйжасында ишке ашат да, ал э р г а з и о х о р и я (грек тили ergasia – жер иштетүү) деп аталат. О. эле диаспоралар себүү учурунда таркалат, ал с п е й р о х о р и я (грек тили speizo – себем) деп аталат. А-нын бул формасы бир кыйла байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр,) арасындагы тандоонун жүрүшүнө алып келген. Натыйжада отоо чөптөрдүн диоспоралары айдалма өсүмдүктүн уругу менен бир учурда жетилип, алардын уруктарын бири биринен ажыратуу өтө кыйындыкка турат. КМШнын аймагында А-лык отоо чөптөрдүн катарына амброзия, амарант, шимүүр ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4