Антропоценология

Википедия дан

Антропоценология (antropos – адам, kainos – жалпы, logos – окуу) – адамды өзгөчө биосоциалдык түр катары кароо менен, анын келип чыгуусунун, эволюциясынын, өзүн курчап турган чөйрөгө таасир этүүсүнүн жалпы мыйзамченемдүүлүктөрүн окуп үйрөнүү. Адамдын санынын өсүүсү менен жана илим-техниканын өнүгүүсү аркылуу курчап турган чөйрөгө өтө терс таасирлер көбөйүп жатат. Себеби, адам өзүнүн жашоосун жакшыртуу максатында жаратылыш байлыктарын эбегейсиз көп жана үнөмсүз пайдаланууда. Андыктан, атмосфера, гидросфера, литосфера булганып, жаратылыш байлыктары улам азаюда. Ошондуктан, азыркы адам жашоосун «өзүн-өзү жок кылуу жолунда» деп кеңири айтылууда. Бирок барган сайын «адам баласынын автотрофтуулугу» деген терминдин да мааниси жогорулоодо. Бул тамакты жана энергияны Күн энергиясынан жана анын туунду түрлөрүнөн (шамал, суу, биомассалар ж. б.) алуу дегенди түшүндүрөт, б. а. продуценттердеги (автотрофтордогу) энергияны синтездөөгө гомологдуу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4