Антуан Андре

Википедия дан
Антуан Андре (1893)

Антуан Андре (31. 1. 1858, Лимож - 9. 10. 1943, Полиген) - француз режиссёру, актёр, театр теоретиги. Өспүрүм кезинен театр өнөрүнө кызыккан. Спектаклдерге катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн «Комеди Франсез» театрында иштеген. Парижде театр ышкыбоздорунун Гальси кружогунун башчысы болгон. Э. Золянын тегерегиндеги жазуучулар (А. Доде, А. Бек, Э. Гонкур жана башка) менен таанышкан. Парижде Эркин театрды уюштурган (1887), 1897-жылдан «Антуан» театрын жетектеген. 1906-14-жылдары «Одеон» театрынын директору. Биринчи жолу Францияда Л. Толстойдун «Караңгылыктын бийлиги» (1888), Ибсендин «Арбактар» (1890) жана «Жапайы өрдөк» (1891), Гауптмандын «Токуучу» (1893) жана башка спектаклдерди койгон. Өзү да ролдордо ойногон. Антуан Андре кинодо да иштеген. «Корсикалык бир туугандар» (Дюма ата, 1917), «Деңиз эмгекчилери» (Гюго, 1917), «Арлезиан аялы» (Доде, 1922) фильмдерин койгон. 1897-жылдан Эркин театрдын артисттери менен Европа өлкөлөрүндө, анын ичинен Россияда гастролдо болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1