Антэкoлогия

Википедия дан

Антэкoлогия (грекче anto - гүл жана ... экология) — биоэкологиянын бпр бөлүгү; өсүмдүктөрдүн гүлдөө жана чаңдашуу процесстерин изилдейт. Терминди 1904-жылы Ч. Робертсон киргизген. Азыркы учурда антэкoлогия гүлдөрдүн экологиясы, гүлдөөнүн экологиясы жана чаңдашуунун экологиясы аттуу үч багыттан турат. Биринчи багыт экологиялык кырдаалды эсепке алуу менен гүлдөрдүн чаңдашууга ыңгайланышын, экинчи багыт жаратылыш факторлорунун (жарык, температура, нымдуулук жана башка) гүлдүн өсүү функциясына таасир этүүсүн жана үчүнчү багыт экологиялык факторлордун - гүлдөрдүн чаңдашуу процессине кыйыр таасир этүү менен бирге алардын өз ара көз карандылыгын изилдейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1