Ант ырлары
Көрүнүш
Ант ырлары – убада берүү, касам ичүү, ант берүү багытындагы элдик оозеки чыгармалар. Алар жоого жөнөп жаткан жоокерлер, аскер катарына алынган жигиттер тарабынан айтылган. Эпикалык чыгармалардын ичинде да ант ырлары учурайт.
Мисалы,
- Антымдан жансам:
- Төбөсү ачык көк урсун,
- Төбөсү туюк көр урсун,
- Төшү түктүү жер урсун!
- Караңгы түндө өлөйүн,
- Чыккан күндү көрбөйүн!
- Кечке жаным жетпесин,
- Таңга жетпей өлөйүн!
- Антымдан жансам:
- Ыйык жума каары урсун,
- Абийиримдин агы урсун!
- Жумшакты сылап көрбөйүн
- Катууну кармап көрбөйүн.
- Аманаттын анты урсун,
- Касиеттин наркы урсун!
- Адамдын сырын билбейин,
- Асылды барктап кийбейин!
- Касам ичем актыкка,
- Тузга тийем тактыкка.
- Актыгыма ай күбө,
- Кудайдан корккон жай күбө.
- Антымдан жансам,
- Акыретим айгине!
- Аккан суунун шары урсун,
- Асмандын жарык таңы урсун!
- Теңиртоонун каары урсун,
- Ыйык Мекке шаары урсун!
Ант ырларында элдин ыйыктык жөнүндө түшүнүктөрү, алардын анимисттик-тотемдик көзкараштары камтылган да, жаштарды тарбиялоонун өзүнчө бир каражаты катары кызмат өтөгөн.
Колдонгон адабият:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү.
- Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|