Анык убактагы стратегия

Википедия дан
Battle of Survival (2004-2013).

Анык убактагы стратегия (англ. Real-time strategy, RTS деп кыскартылат) — бара-бара өсүү болбогон стратегиялык видео оюнунун субжанры.

RTSте катышуучулар картадагы аймактарды алуу жана өз оппоненттеринин мүлкүн кыйратуу үчүн өз бөлүктөрү менен түзүлүштөрүн көзөмөл алдында кармап айла-амалдарды колдонушат. Адаттагы RTSте оюндун жүрүшүндө кошумча бөлүктөрдү жана түзүмдөрдү түзүүгө болот. Бул көбүнчө топтолгон ресурстарды жумшоо талабы менен чектелет. Бул каражаттар өз кезегинде картадагы атайын пункттарды көзөмөлдөө жана/же ушул максатка арналган бирдиктердин жана түзүлүштөрдүн белгилүү бир түрүнө ээ болуу аркылуу чогултулат. Тактап айтканда, RTS жанрындагы оюн адатта ресур топтоо, база куруу, оюн ичинде технологиялык өнүгүү жана бирдиктерди кыйыр көзөмөлдөө өзгөчөлүктөрүн камтыйт. "Анык убактагы стратегия" термини биринчи жолу 1982-жылы BYTE журналында пайда болгон, бирок америкалык видео оюн дизайнери Бретт Сперри көбүнчөсү 1990-жылдардын башында базарга Dune IIни киргизүү менен терминдин автору деп эсептелет.

RTSте оюнчу ийгиликке жетиш үчүн аткарууга зарыл болгон милдеттер абдан жоопкерчиликтүү болушу мүмкүн жана ал эми татаал колдонуучу интерфейстер кыйынчылыктарды жеңип өтүш үчүн иштелип чыккан. Айрым өзгөчөлүктөр иш такта чөйрөсүнөн алынган; мисалы, "баскылоо менен сүйрөө" ыкмасы берилген аймакта бардык бирдиктерди тандоо үчүн колдонулат. Айрым оюн жанрлары RTS үлгүсүндө болгондой жалпы концептуалдык жана тактикалык окшоштуктарга ээ болсо да таанылган жанрлар жалпысынан RTS оюндардын катарына кирген эмес. Мисалы, шаар куруу оюндары, курулуш жана башкаруу симуляциялары жана анык убактагы тактикага негизделген оюндардын түрлөрү жалпысынан "анык убактагы стратегия" деп эсептелбейт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]