Анык эмес жарнама

Википедия дан

Анык эмес жарнама – товардын сын-сыпаттары, анын табияты, курамы, даярдоо ыкмасы жана датасы, арналышы, керектөө касиеттери, колдонуу шарттары, ылайыктуулук тастыктамасы, тастык белгилери жана мамлекеттик стандарттарга ылайыктуулук белгилери, саны жана чыгарылган жери; базарда товардын болушу, аны көрсөтүлгөн өлчөмдө, мезгилде, убакта жана бир жерде сатып алуу мүмкүнчүлүгү; товардын жарнама таратылган учурдагы наркы; төлөөнүн кошумча шарттары; товарды жеткирүү, алмашуу, кайтаруу, оңдоо жана тейлөө; кепилдик милдеттенмелер, иштөө, жарактуулук мөөнөттөрү; юридикалык жактын акыл-эс эмгегинин өнүмдөрүнө жана ага теңдештирилген жекелештирүү каражаттарына карата бирден бир укуктары, өнүмдөрдү, аткарылган ишти же кызмат көрсөтүүлөрдү жекелештирүү; мамлекеттик символдорду, ошондой эле эл аралык уюмдардын символдорун пайдаланууга карата укуктары; ырасмий таануу, медалдар, байгелер, дипломдор жана башка сыйлыктарды алгандыктары; эгер товар бир түрмөктүн бөлүгү болсо, товардын толук түрмөгүн сатып алуунун ыкмалары; товарга болгон иш жүзүндөгү суроо-талаптардын чен-өлчөмү; керектөөчүгө берилүүчү кепилдиктер; жарнама берүүчүнүн өзү жөнүндө чындыкка туура келбеген маалыматтар камтылган жарнама. Ошондой эле документ түрүндө ырастоого мүмкүн болбогон, эң чоң даражадагы аталгыларды («эң», «гана», «мыкты», «теңдешсиз», «бирденбир»); башка товар (товарлар) менен, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана абалдары менен салыштыруулар колдонгон жарнамалар дагы анык эмес жарнамаларга жатат. Анык эмес жарнамаларга жол берилбейт.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7