Мазмунга өтүү

Анaнас

Википедия — ачык энциклопедия

Ананас же Чыныгы ананас (лат. Ananas, Ananas comosus) — бромель (Bromeliaceae) тукумундагы көп жылдык тропик чөп өсүмдүгү. Жалбырагы жазы, тасма сымал, калың, кыры тикендүү, узундугу 80 смге чейин. Машакча топ гүлдүү.

Ананас (Ananas comosus)
Ananas bromeliaceae.
Илимий классификация
дүйнөсү: өсүмдүк
бөлүгү: жогорку өсүмдүктөр
классы: трахеофит
түркүмү: уруктуу өсүмдүктөр
тукуму: жабык уруктуулар
уруусу: бир үлүштүү өсүмдүктөр
түрү: коммелениддер
Биноминалдык аталышы
Кыякчылар
Бромель (Bromeliaceae)
Урукчалар

Гүл жалбыракчасы бири бирине жабышып өсүп, сүйрү, чоң, сары топ мөмө (жемиш) берет. Ал назик, даамы кычкыл-таттуу, жыттуу келип, салмагы 215 кгга жетет, уругу болбойт. Гавайи, Филиппин, Тайвань, Цейлон аралдары, Инди-Кытай жана башкаларда өстүрүлөт. Тропиктик Америкада 5-6 түрү бар. Анын мөмөсүндө кант, азоттуу заттар, кислоталар, күл болот. Мөмөсү жаңы кезинде желет, ошондой эле консерва түрүндө тамак-ашка колдонулат. Кыям жана конфет жасалат. Aнaнастын жалбырагынан баалуу техникалык була алынат. Чырпыгы, калемчеси, кээде мөмөсүнүн жогору жагындагы жалбырактарын тамырлатуу менен көбөйтүүгө болот.

Ananas comosus var. comosus'тун эң ири сорттору болуп "Smooth Cayenne", "Spanish", "Queen", "Abacaxi" жана "Pernambuco" болуп эсептелинишет.

Америка Кошмо ШтаттарыГондурас Smooth Cayenne сорттор тобу:

  • Baron de Rothschild
  • G-25
  • Dominguo
  • Gaimpew
  • Maipure
  • Sarawak
  • La Esmeralda
  • Hilo
  • Kew
  • Champaca
  • Amritha
  • MD-2

Америка Кошмо ШтаттарыПуэрто-Рико Spanish сорттор тобу:

  • Pina blanca
  • Red Spanish
  • Cabezona
  • Canning
  • Valera Amarilla Roja

Түштүк-Африка РеспубликасыАвстралия Queen сорттор тобу:

  • Natal Queen
  • Mcgregor
  • Z-Queen

ВенесуэлаМексика Abacaxi сорттор тобу:

  • Kona Sugarloaf
  • Black Jamaica

Таиланд Tard Sri Thong
Таиланд Sriracha
Таиланд Phu Lae же Baby
Индия Mauritius

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1