Апатия (ден соолук)
Jump to navigation
Jump to search
Апатия — айлана-чөйрөдөгү окуяларга кайдыгер, сырткы эмоциялык реакциялар билинбеген оорулуу абал. Апатияда психикалык активдүүлүк төмөндөйт. Мындай оорулуулар аз кыймылдайт, аз сүйлөйт. Бул абал кээ бир психикалык оорулууларда, ошондой эле нерв системасынын функциясы бузулганда болот. Дарылоо апатия пайда кылган себебине жараша жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8