Аплодисмент

Википедия дан

Аплодисмент (лат. applausus, plaudere, applaudo - кол чабам) колдоо көрсөтүү, сүрөөн, салам айтуу белгиси. Театрда - көрүүчүлөрдүн сахнада аткарылып жатканды колдоо катары кол чабуусу, ошондой эле акттын соңунда актёрлорду сахнага чакыруу. Байыркы Римде эле аплодисменттин ар кандай мааниси бар, иштетилген системасы болгон. Аплодисмент азыркыга чейин өз маанисин жогото элек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1