Апофема

Википедия дан

Апофема. 1. Туура көп бурчтуктун апофемасы — туура көп бурчтуктун борборунан каалаган жагына жүргүзүлгөн перпендикулярдын узундугу. Ал туура көп бурчтукка ичтен сызылган айлананын радиусуна барабар. 2. Туура пирамиданын (толук жана кесилген) апофемасы — каптал гранынын бийиктиги.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004