Аппендицит

Википедия дан
Аппендицит
Аппендицит курсак көңдөйүдө жайгашкан
ЭОК-10 K3535. — K3737.
ЭОК-9 540540-543543
DiseasesDB 885 885
MedlinePlus 000256 000256
eMedicine med/3430  med/3430 
MeSH C06.405.205.099 C06.405.205.099

Аппендицит — мөөндүн туюк учундагы өсүндүнүн (аппендикстин) сезгениши.

Пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кишинин ичегисинде демейде оору пайда кылбоочу көп сандаган ар кандай микроорганизмдер (сапрофиттер) болот. Айрым шарттарда, каткан заңдын же мите курттардын аппендиксте чогулушу же анын ичине ичегидеги чиритүүчү продуктулардын өтүшү, ошондой эле аппендикстин ийрилип тартылып калышы жана башка ичегидеги микроорганизмдердин оору козгоосуна түрткү берип, анын сезгенишин пайда кылат. Буга көбүнчө туура эмес тамактануу (белогу көп эттүү тамакты, балыктарды көп колдонуу), заңдын катышы себеп болот.

Аппендициттин түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аппендицит менен ар кандай жаштагы кишилер ооруйт. Анын катуу кармоочу жана өнөкөт түрлөрү бар.
Катуу кармаган түрүндө сезгенүү процесси аппендикстин ички көңдөй бетинен анын айланасына тарайт; сезгенүүнүн жайылышына жана аппендикстеги болгон өзгөрүүгө жараша катардык, флегмоналык, гангреналык, перфоративдик Аппендицит деп ажыратылат.
Аппендициттин гангреналык жана перфоративдик түрлөрү перитонитке алып келет. Катуу кармаган аппендицит кээде киндик тегереги же ичтин оң жагы сайгылашып ооруп башталат. Көп учурда, адегенде ич бүт ооруп, бир нече сааттан кийин ооруган жер ичтин ылдыйкы оң жагына — сокур ичеги жайгашкан тарапка кетет. Бара-бара оору катуулап, жөтөлгөндө, сол жак капталга оодарылганда күчөйт. Кээде ичтен жел чыкпай, заң катат. Айрым учурларда ич өтүшү мүмкүн. Катуу кармоочу аппендицит кабылдоосуз өтсө, бир суткадай жогоруда айтылган абалда болуп, сезгенүү процесси басаңдай баштайт. Аппендициттин белгилери акырындап тарап, оорулуунун жалпы абалы жакшырып, аппендицит өнөкөт түргө айланат. Мында сокур ичегинин тушу дайыма акырындык менен же анда-санда сайгылашып, тартышып ооруйт, оорулуунун көңүлү айланып, ичи катышы ыктымал.

Аппендицитти алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооруну күчөтпөй же анын өнөкөткө өтүшүн күтпөстөн, ич ооруганда врачка тез кайрылуу керек. Врач келгенге чейин ооруну басаңдатуучу же ич өткөрүүчү дарыларды колдонуу, ичтин ооруган жерине ысык нерсе басуу, ичегини тазалоочу клизма жасоо өтө коркунучтуу. Анткени мындай чаралар дарттын белгилерин өзгөртүп жиберүү менен ого бетер ырбатып, өмүргө чоң зыян келтирет. Аппендицитти операция жасагандан кийин кээде айрым адамдардын өлүмгө учурашынын негизги себеби, анын өз бет алдынча дарыланып, врачка кеч кайрылышынан болот.

Аппендицитти айыктыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аппендицитти айыктыруунун бир гана жолу бар. Ал — мүмкүн болушунча эртерээк операция жасоо.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8