Араб-Израиль согуштары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Араб-Израиль согуштары - Израиль менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы 1948-49, 1956, 1967, 1973 жана 1982-жылдары болгон ири аскердик жаңжалдар. 1947-жылы 29-ноябрда Палестинага Англиянын мандатын токтотуу, Палестина аймагында араб жана еврей мамлекеттерин түзүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими кабыл алынган. Бул резолюцияны таануудан баш тарткан соң, арабдар менен еврейлердин ортосундагы алгачкы кагылышуу болуп өткөн. Ошол кезде (1947) Палестинада 1,2 млн араб, 650 миң еврей жашаган. Палестинадан Англиянын аскерлери чыгарылып кеткенден кийин Израиль мамлекетинин түзүлгөндүгү жарыяланды (14. 5. 1948). Анын чегарасы аныктала электе эле эртеси еврейлер менен арабдардын ортосунда куралдуу кагылыштар башталган. Араб өлкөлөрү Израилге басып кирген, бирок ал өз көз карандысыздыгын сактап калган. Египет, Трансиордания, Ирак, Сирия жана Ливандын аскерлери Палестинадагы аймактарды басып алган. Израилдиктер тарабынан Иерусалимге баруучу жолго жана Египет - Палестина чегарасын бойлото көзөмөл орнотулат (1949). БУУнун Коопсуздук Кеңешинин согушту токтотуу боюнча аракеттери оң натыйжа берген жок, еврей террорчулары тарабынан БУУнун атайын өкүлү граф Фольк Бернадотт өлтүрүлөт. 1949-жылдын февраль - июль айларында араб өлкөлөрү менен Израилдин ортосундагы алгачкы жарашуу келишимдерине кол коюлуп, анын шарттары боюнча Израилдин убактылуу чегарасы аныкталып, Газа аймагы Египеттин көзөмөлүнө калтырылган. Трансиордания Иордан дарыясынын батышындагы жерлердин бир бөлүгүн кошуп алып, Иордания аталат. Иерусалим шаарын араб жана еврей аймактарына бөлүү жөнүндөгү БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими (29. 11. 1947) кабыл алынат. Согуштун жыйынтыгында Палестина арабдары Израиль басып алган жерлердеги ата конуштарын таштап кетүүгө аргасыз болот. 50жылдардын ортосунда Египет менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелер кайрадан татаалдашат. АКШ Египетке экономикалык кысым көрсөтүү максатында Асуан плотинасын курууга каражат берүүдөн баш тарткан. Ага жооп иретинде Египеттин президенти Гамаль Абдель Насер Суэц каналын мамлекеттештирген. Ошондон кийин Лондондо жыйналган 22 мамлекеттин өкүлдөрү Суэц каналынын мурдагы эл аралык статусун калыбына келтирүү жана каналды биргелешип башкаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Насер бул чечимди аткаруудан баш тарткандан кийин, Израиль, Улуу Британия жана Франция аны бийликтен күч менен четтетүүгө аракеттенген. 29-октябрда Израиль аскерлери Египеттин Синай жарым аралындагы аймактарга чабуул жасаган. Согушка Израиль тарабында Улуу Британия менен Франция аралашат. 31-октябрда англис-француз куралдуу күчтөрү Египетти бомбалайт. 5-ноябрда англис-француз аскерлери Порт-Саид портуна түшүрүлөт. Агрессия БУУнун Генералдык Ассамблеясында чечкиндүү айыпталып, СССР жетекчилиги «агрессорлорду күч колдонуу менен талкалоого» даяр экендиги тууралуу билдирүүсү жана АКШ администрациясынын да баскынчылардын мындай аракетин колдобогондугу Францияны, Улуу Британияны (22. 12. 1956) жана Израилди (8. 03. 1957) Египеттен өз аскерлерин чыгарып кетүүгө аргасыз кылды. Израиль Египет чек-ара тилкесине БУУнун аскерлери жайгаштырылды. Арабдар менен Израилдин ортосундагы кагылыштар 1967-жылы жаңы согушка алып келген. Бул тарыхка «алты күндүк согуш» деген ат менен кирген. 1967-жылы 5-11-июнда Израиль көптөгөн араб кыштактарын кыргынга учуратып, Египет, Сирия жана Иорданиянын 1,5 млн тургуну бар 66 642 км2 жерин, Иерусалимдин чыгыш бөлүгүн алты күндө басып алган. Араб өлкөлөрү АКШ менен Улуу Британияга нефть сатууну токтотуп, Суэц каналын жапкан. СССР Израиль менен дипломатиялык байланыштарын токтоткон. Араб өлкөлөрүнүн башчыларынын Хартумдагы (1967) кездешүүсүндө, БУУнун Генералдык Ассамблеясынын сессиясы Израилден куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылган. Израилдин басып алган жерлерди бошотпоосу, нефтинин дүйнөлүк саясаттын куралына айланышы арабдар менен еврейлердин ортосундагы мамилелерди татаалдатат. Нефть өндүрүүчү жети араб өлкөсү Израилге жардам бергендиги үчүн АКШ менен Голландияга нефть сатууга эмбарго жарыялап, баасын кескин көтөргөн. Египет менен Сирия СССРдин жардамы менен аскерлерин куралдандырган, Израиль АКШдан курал-жарак алган. 1973-жылы башталган үчүнчү согушта Египет аскерлери Суэц каналынан өтүп, сириялыктар Голан бийиктигинде жеңишке жетишкен. Израилдиктер контрчабуулга өтүп, Египеттин коргонуу чептерин бузуп, Каирге бет алган, сириялыктарды 30 кмге чейин чегинүүгө аргасыз кылган. АКШ менен СССРдин кийлигишүүсү менен Египет, Сирия жана Израиль ортосунда келишимге кол коюлуп (1978), анын аткарылышын контролдоо БУУнун күчтөрүнө тапшырылган. Египет 1967-жылы согушта айрылып калган Синай жарым аралы Египеттин жаңы президенти Анвар Саадаттын Израиль менен түзгөн Кэмп-Дэвид келишимдеринин натыйжасында гана кайтарып алган (1982). Израиль аскерлери Синай жарым аралынан чыгарылып кеткен соң, Израиль менен палестиналык арабдардын куралдуу отряддарынын ортосундагы кагылышуулар жаңжалдын очогуна айланган. 1982-жылы Израиль вертолеттору Бейрутту жана Палестина боштондукка чыгаруу уюмунун базалары жайгашкан Ливанды бомбалаган. Израиль аскерлери Ливанга басып кирип, Бейрутту курчоого алган. Бул согушта да Израиль аскерлери эл аралык күчтөрдүн талабы менен чыгарылды (1985). Андан кийин да Израиль басып алган жерлерде (1987-жылдын 9-декабрында) бир нече кандуу окуялар болуп өткөн. Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмунун (ПБЧУ) лидери Ясир Арафат Израилдин куралдуу күчтөрүнө жана полицияга каршылык көргөзүүнүн жаңы формасы - интифаданы жарыялады. 1993-жылы Израиль менен ПБЧУнун ортосундагы макулдашууга ылайык, ПБЧУнун куралдуу аракеттерин токтотуу шарты менен Иордан дарыясынын батыш жээги жана Газа секторун палестиналыктарга өткөрүп берүү тууралуу макулдашылган. 1994-жылы Израиль менен Иорданиянын ортосунда тынчтык келишимге кол коюлду. Формалдуу түрдө Сирия Израиль менен согуш абалына келет. Сирия менен Израилдин ортосундагы тынчтык келишимдерин түзүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Мындай келишимдерге кол коюлса, көпчүлүк аймактары сириялык аскерлер тарабынан көзөмөлдөнүп турган Ливан менен Израилдин ортосундагы мамилелер да жөнгө салынмак.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]