Араван-Сай, өзөн

Википедия дан
Араван-Сай
Мүнөздөмө
Узундугу 102 км
бассейндин аянты 1 960 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Араван-Сай суусуНоокат жана Араван аймактары аркылуу аккан суу. Узундугу 102 км, алабынын аянты 1960 км2. Кичи Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат.

Башталышында Гезарт, ортоңку агымында Чили-Сай, Кыргыз-Ата аталат. Шаарихан-Сай каналына куят.

Жогорку агымында шар аккан тоо суусу, Ноокат өрөөнүнөн чыккандан кийин (Жаңы-Ноокат кыштагы тушта) шиленди-конусту пайда кылып, суунун бир тобу жерге сиңип кетет, бул жерден айрым каналдар башталат.

Ноокат ойдуңунда Кыргыз-Ата жана Косчан кошулгандан кийин Карачатыр тоосун кесип өтүп Фергана өрөөнүнөн чыкканда каналдарга бөлүнүп кетет.

Ири куймалары: Кыргыз-Ата, Косчан, Агарт, Ак-Дөбө.

Жылдык орточо чыгымы 10,4 м3/сек. Эң чоң чыгымы июнь – июлда, азы март – апрелде байкалат. Майда кире баштап, октябрда тартылат.

Боюнда Жаңы-Ноокат, Тельман, Косчан, Беш-Мырза, Араван кыштагы жайгашкан. Сугатка пайдаланылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2