Араладай юнона

Википедия дан

Араладай юнона (лат. Juno orchioides (Carr.)), (Vved.) - Көп жылдык жазгы өсүмдүк. Пияз түбүнүн жоондугу 2 см, тыкыс, бозомук кабыкчалар менен капталган; тамыры ичке жиптей, эттүү, өсүмдүктүн үстүңкү бөлүгү куурагандан кийин дагы сакталат. Сабагынын бийиктиги 10-30 см, түз, гүлдөө мезгилинде муун аралыктары жакшы билинет, (1) 3-5-гүлдүү. Жалбырактары ачык-жашыл, орок сымал, ак кырдуу, учуна бир кылка ичкерген, төмөнкүлөрүнүн түбүнүн туурасы 2-3 (5) см. Гүлдөрүнүн узундугу 4,4-6,0 см, ар түрдүү боөлгон: бозомук-сарыдан ачык-сарыга чейин, гүл коргонунун үстүңкү бөлүгүндө кара темгили болот. Кабы бозомук, катуу, учтугуй. Гүл коргонунун сырткы бөлүктөрү тилкелүү канаттай жана эллипстей желекчелүү учтуу, негизинен оюктуу. Ички бөлүктөрүнүн узундугу 10-15 мм, учтугуй үч айчыктуу желекчелери менен. Жону астынан бүтүн, тишчелүү, артынан – тилкелүү. Мамычасынын калакчалары бүтүн кырдуу, учу тегерек. Чаңалгычы тескери-бөйрөкчө сымал.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Араладай юнона жаратылышта жана атайын өстүрүүдө жакшы гүлдөп, мөмөлөйт. Марттын экинчи жарымында өсө баштайт, апрелдин ортосунан гүлдөөсү башталып, ал 1-2 жумага созулат. Уругу бышкандан кийин өсүмдүктүн жерден үстүңкү бөлүгү куурап калат. Вегетативдүү жол менен ар башка жаштагы көптөгөн пияз түптөрдү пайда кылып, уругунан да жакшы көбөйөт. Уругунан 4-5-жылда гүлдөйт. Араладай юнона КР УИАнын Ботаникалык багынын коллекциясында өстүрүлөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жана Талас тоо кыркалары.

Өсүү шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Майда топурактуу, чополуу-таштуу, шагылдуу тоо этектеринде жана ортоңку тоо алкактарынын беттеринде кездешет.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аныкталган эмес.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Малдын ченемсиз тепсөөсүнөн, элдер гүлүн үзүп, пияз түптөрүн казып алуусунан жабыркайт. Өстүрүү. КР УИАнын Ботаника багында 40 жылдан ашык натыйжалуу өстүрүлүп келет. Уюштурулган коргоо аракеттери. Кыргыз ССРинин Совет Министрлигинин Токтомуна ылайык 1975-жылдан бери коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жайыттарды рационалдуу пайдалануу. Гүлүн үзүп, пияз түптөрүн казып алууга тыюу салып, түр кеңири таралган аймактарда ботаникалык заказник уюштуруу зарыл.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VU. Батыш жана Түндүк Тянь-Шандын эндеми.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]