Аралаш укуктар

Википедия дан

Аралаш укуктаравтордук укуктардан келип чыгуучу, бирок алар менен толук дал келбеген өзгөчө укуктардын бир түрү. Аралаш укуктар: автордун чыгармасын аткаруучулардыкы, фонограмма чыгаруучулардыкы, уктуруучулардыкы (көрсөтүүчүлөрдүкү) болуп айырмаланат. Аралаш укуктардын негизги мазмуну үчүнчү жактар тарабынан үндөктөрдү, радио- жана телепрограммаларды, ошондой эле аткаруучулардын чыгармачылык үзүрлөрүн пайдалануу үчүн тийиштүү аралаш укуктардын субъекттеринин (ээлеринин) макулдугу талап кылынгандыгына барып такалат. Артистин жана теле жана радио берүүнү жүргүзүүчү уюмдун аралаш укуктары алгач ирет аткарган (койгон) учурдан тартып пайда болот. Бул укук ал келип чыккандан кийинки жылдын үчтүн айынын 1-инен тартып 50 жылдан кийин токтолот (өз ысымынын сакталышына жана аткарылышты же коюлушту аргандай бурмалоодон жана кол салуулардан коргоого укуктуулук гана мөөнөтсүз аракетте болот). Үндөк чыгаруучунун укугу ал жарыягандан тартып, эгерде бул мөөнөт ичинде ал жарыяланбаса 50 жыл боюу аракетте болот. Аткаруучуларга, үндөк чыгаруучуларга, оболук жана кабелдик теле жана радио уюмдарга берилүүчү өзгөчө укуктар айрым учурларда чектелүүсү мүмкүн. М.: аткаруучунун макулдугусуз жана ага сыйакы төлөбөстөн эле аткарылыштан үзүндүлөр күнүмдүк окуялардын баяндамасына киргизилүүсү мүмкүн. Аралаш укуктардын субъектилери үчүн мыйзамда каралган өзгөчө укуктар тийиштүү келишимдер боюнча башка жактарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.[1]


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7