Аралыктан (дистанттык) окутуу

Википедия дан

Заманбап глобалдуу аудиториянын жаны мүмкүнчүлүктөрүнө кирүүгө дүйнөлүк желе же интернет чоң жол ачууда. Интернет бул академиктер, илим изилдөөчүлөр, студенттер, үчүн лабораторияларда, офистерде, класстарда калаберсе жеке үйлөрдө да колдонууга мүмкүн болгон билимдин жана илимдин булагы болууда.

Кыргызстанга интернеттин келгенине аз эле убакыт болсо да, Орто Азия өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул багытта чон жетишкендиктерге жетише алды. Кыргызстанга салыштырмалуу кошуна республикаларыбыз болгон Өзбекстан, Казакстан жана Түркменстанда интернет колдонуучуларга бир аз чектөөлөр коюлган. Интернетке кеңири жол ачуу бул Кыргызстан үчүн биринчи кезекте дүйнөдө тездик менен өнүгүп келе жаткан илимий-техникалык жетишкендиктерге прогрессивдүү кадам деп айтууга болот.

Азыркы учурда интернеттен ар тараптуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Илим, техника, экономика, медицина, билим берүү жана башка толуп жаткан тармактар боюнча маалыматтарды алууга болот. Булардын ичинен интернеттин билим берүү тармагында канчалык орду бар ошону карап көрөлү. Учурда интернеттен билим берүү тармгында көптөгөн интернет баракчаларды табууга болот. Алар негизинен электрондук почта менен же болбосо атайын шарты бар каттоодон өтүп андан кийин керектүү маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүндө. Мындай маалымат алмашуу да белгилүү бир өлчөмдө жакшы жыйынтыктарды берет. Ал эми экономикалык жактан жетишкен өлкөлөрдө билим берүүнүн бул түрү алда канча алдыда. Алар видео лекциялар, реалдуу убакытта (бир мезгилде) окутуучу менен окуучу бири бирин көрүп да, сүйлөшүп да маалымат алмаша алышат.

Бул деген текст түрүндө маалымат алмашууга караганда (виртуалдык окутуучу менен окуучунун) байланышын реалдуулукка абдан эле жакындатат. Америкада чоң-чоң илим изилдөө уюмдары интернеттин мындай мүмкүнчүлүгүн мурдатан эле колдонуп келет. Чакан аймактуу Кыргызстан үчүн интернеттин мындай түрү болгон корпоративдик түйүн же кыскача Intranet тармагын түзүү анчалык деле кымбатка турбайт. Мындай түйүндү азырынча Кыргызстандын алты областындагы окуу жайларда бирден интернет класс ачып андагы компьютерлерди жалпы бир түйүнгө бириктирүү менен баштаса болот. Интернет бул эмне? Интернет - бул миллиондогон компьютер колдонуучулардын бири бири менен байланышы жана дүйнөлүк ресурстардан маалымат алууга мүмкүн болгон глобалдуу «Түйүндүн Түйүнү».

Мугалимдер жана студенттер дүйнөлүк эң чоң архивдерге, космостук борборлорго, спутниктик метеостанцияларына жана башка миңдеген билим берүү жана илим изилдөө булактарына кирүүгө мүмкүндүк ала алышыт, Интернет - жогорку окуу жайлар, колледждер, мектептер керектөөчү инфраструктура, себеби компьютер аркандай тексттерди, үндөрдү схемаларды, сүрөттөрдү камтыган тоталдык технологиялык машина болуп калды. Эми бир жактуу болгон телевизиондук системаларга же башка кымбат технологиялара жана студенттин атайын даярдалган окуу лабораториясына келип маалымат алуусунун зарылдыгы жок.
Интернет билим берүү тармагында: Дистанттык окуу интернеттин дагы бир кызматы, бул билим алуу жана үйрөнүүнүн инструменти десек болот. Дистанттык окуу, интерактивдүү режимде эки же андан көп адамдын, эки же андан көп жерден бири бири менен байланышы. Дистанттык окуу билим берүүнүн эффективдүү жана сапаттуу чөйрөсү. Интернет дистанттык окууда эң керек болгон абдан көлөмдүү болгон ресурс.

Маалымат супермагистралы мугалимдер менен студенттерди өз класстык бөлмөлөрүнүн башка жерлердеги билим булактарына жана башка адамдар менен маалымат алуусуна көмөкчү болот. ISTE http://www.iste.org коому кибермейкиндик болгон интернеттин чексиз ресурстарын мугалимдер менен студенттер үчүн керектүү китептердин тизмесин чогултту. Бул түйүн жер шарынын окуучуларын бириктирет. Бирок бардык эле өлкө бул түйүнгө кирген эмес. Ошондой болсо да көптөгөн өнккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө түйүндүн табууга болот. Бул деген ар түрдүү студенттердин чектөөсүз билим алуусунун тенденциясын бере алат дегендик. Эл аралык Telecomputing Консорциум коому «Калыбына келип жаткан энергияны колдонуу» деген темадагы дүйнөлүк класс-проекти 1997-желы өткөрдү. Бул жөнүндө http://WWW.itc.org/wcl97 Archived 2007-07-03 at the Wayback Machine дарегиндеги архивден маалымат алса болот. Дистанттык окуудагы негизги керектелүүчү нерсени айтсак ал компьютердик үйрөтүүчү программалар. Азыркы тез чабытта өнүгүп келе жаткан билим технологияларынын арасында компьютердик телекоммуникациалык түйүндөр келечектин талабына ылайыктуураак болууда.

Компьютердик телекоммуникациялар күндөн күнгө өнүгүп жашообуздун бардык тармактарына кирүүдө. Кыргызстандагы персоналдык ЭЭМ колдонуучулары интернет тармагына республикабыздын «дүйнөнү телефондоштуруу» жагында төмөнкү орундарда турганына карабастан акыркы 1-2 жылда кээ бир башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир канча алга карай жол алды. Телекоммуникация (грек сөзү, tele - алыс, аралык, латын. communicatio -сүйлөшүү) башкача айтканда бардык маалыматтарды аралыкка берүүчү тармактар: радио, телевидение, телефон, телеграф, телетайп, телекс, телефакс, жана биз сөз кылып жаткан компьютердик телекоммуникациялык байланыш.

Маалыматтарды төмөнкү даректерден карап көрүңүз:

a. Global School House Foundation - http://www.gsh.org
b. The Well Connected Educator - http://www.gsh.org/wce
c. Glossary of Terms Used in Internet and Distance Education: http://www.friend.ly.net/user-homepages/b/braatz/archives/glossary.htm Archived 2001-03-07 at the Wayback Machine
d. About Distance Education - http://www.friend.ly.net/user-homepages/b/braatz/archives/disted.htm(жеткиликсиз шилтеме)
e. Educational Development Center: - http://www.edc.org
f. Teachers on the Internet - http://www.gsh.org/wce/archives/aruntchr.html Archived 2006-10-05 at the Wayback Machine
g. Internet Technical Academy Newsletter for Education Network, Administrators- newsletter h. American School Directory - http://www.asd.com Archived 2022-03-03 at the Wayback Machine
i. The Young Adult Library Services Association - http://www.yalsa.org
j. Education Development Center - http://www.edc.org