Мазмунга өтүү

Арал (Манас району)

Айыл
Арал
Район Кыргызстан
Координаттар 42°42′06″ с. ш. 71°48′21″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1665[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Арал (Манас району) (Кыргызстан)

АралКыргызстандын Талас облусунун Манас районундагы айыл. Кайыңды айыл аймагына кирет.

Райондун административдик борбору ― Покровка кыштагынан 16 км, Жамбыл темир жол бекетинен 86 км. Деңиз деңгээлинен 1118 м бийиктикте жайгашкан. 1928-жылы отурукташкан. Калкы негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, өспүрүмдөрдүн спорт мектеби, белгилүү Кыргыз эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин фольклордук-этногрекчемузейи, китепкана, маданият үйү, автоматташтырылган телефон станциясы, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо, кыш заводу, айылга жакын гранит кенинин карьери бар.

Калкы ― 1665 киши (2009-жылы)[1], 2005-жылы ― 1415 киши.