Арам-Суу уран кени

Википедия дан

Арам-Суу уран кени Чүй облусунун Жайыл районунда, Суусамыр суусунун оң куймасы Арамсуу суусунун сол жээгинде, Суусамыр кырка тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 2700–3200 м бийиктикте. 1959-ж. табылган. 1959–63-жылдары геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун гранит-порфир кичи интрузиясы жана кварцтуу порфирлердин дайкалары менен жирелип, девон-карбон мезгилинин ирибулак свитасынын кумдук-гравелит-сланецтер катмарларынан түзүлгөн. Уран минералдашуусу гранит-порфирдин экзоконтактасындагы чополуу сланецтин талкаланган, жаракаланган зоналары менен байланышкан. Рудалануу минералдашкан зоналар тибине, уранит-сульфиддүү формациясына кирет. Негизги руда минералдары: настуран, пирит, уран көөсү, галенит, казолит, уранофан. Рудадагы урандын орточо өлчөмү 0,170%. Руданын запасы жана ресурсу 473 миң т, урандыкы 806,2 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]