Аргын, урук

Википедия дан

Аргын уругу - кесек уруусунун курамындагы урук.

Айрым маалыматтарга караганда бул уруктун өкүлдөрү Каратегин аймагын эзелтеден мекендеп келишет. Байыркы этникалык аталыштын параллелдери хакастардагы кызылдардын жана казактардын орто жүзүнүн курамындагы урук (сөөк) жана ири уруу катары белгилүү[1].

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы аргын уруусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.А.Аристов аргындар оболу, VII-VIII кк. азыркы Монголиянын түндүк-чыгышын байырлашып, кытай жыл баяндарында ( “Тан-шу”) “басими” деген ат менен белгилүү болгондугун жазат[2].
Басымы аргындар V к. гаогюйлардын курамындагы уруулук бирикме болгон. Казак илимпозу М.Тынышпаев аргындарды Рашид ад-Диндин жазган маалыматтарына таянып, алардын монгол тилдүү болушкандыгын эскерген[3]. Арийне, бул маалыматтар айрым тактоолорго, кошумча иликтөөлөргө муктаж. Анткени, этникалык аталыштын маанисинин өзү түрк сөзү экендиги байкалып турат.
ХI-XII кк. карата аргындар Тарбагатайдан түндүктө, кыпчактардан чыгыш, найман урууларынан батыш тараптагы аймактарды мекендешкен. Кытайдагы монгол династиясынын тарыхын чагылдырган “Юань Шиде” аргындар канглы, кыпчактар менен бирге, өз алдынча этникалык топтун курамына киришери эскерилет[4].
Демек, орто кылымдардын соңунда (ХIV-ХV кк.) аргындар түрк тилдеринин бир диалектисинде сүйлөшкөнү анык. Аргындарды монголдордун кысымы менен жер которгон найман уруулары, кыпчактар жашаган аймактарынан чыгышка сүрүп чыгарышат[5]. Ушул эле мезгилде найман уруулук бирикмеси кыргыздар менен да кагылышканы маалым. Бул маалыматтар, аргындар кыргыздар менен жамаатташ, мүмкүн бир аймакты байырлашканын байкоого болот. Бул маселеде Енисей кыргыздарынын түз тукумдары экендиги аныкталган хакастардын курамындагы “аргын” сөөгү бул пикирдин тууралыгын бекемдейт (караңыз: Бутанаев, 1990, 81).

Изилдөөчүлөр казактардын курамындагы аргын уруусун орто жүз уруулар тобунун аталышынын синоними катары карашат[6]. Автор казак-аргындар менен кыргыздардын этнонимиясындагы окшоштуктар түз этникалык байланышты аныктарын белгилейт[7]. Казак-аргындар менен кыргыздардын уруулук аталыштарында 36 параллел бар экендиги аныкталды. Бул параллелдер кокусунан эле келип чыгышы мүмкүн эмес экендиги анык. Этнограф Б.Х. Кармышева өз эмгегинде лакайлардын бүгүнкү казак-аргындар менен өтө тыгыз этникалык алакалары бар экендигин белгилейт[8].
Монгол аскерлеринин кысымы менен Жети-Суу тарапка оогон аргындардын бир бөлүгү кийинчерээк, XVI к. эл катары калыптанып жаткан казактардын курамына жуурулушту.

Кыргыздардын курамына кириши[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорудагы маалыматтар жана хакастардагы теги байыркы кыргыздарга таандык “аргын” сөөгү (уругу) бул этнокомпоненттин кыргыздардын курамына VII-XII кк. кеч эмес киргендигин аныктайт.

Этноним тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Аргын” этнониминин чечмелениши жөнүндө бүгүнкү күндөгү илим чөйрөлөрүндө бирдей пикирлер жок. Түрколог Г.Г. Мусабаев этнонимди монгол тилиндеги “аргуй”-“мал багуучу”, “мал баккандар” маанисинде чечмелейт. Таанымал иликтөөчү Н.А. Аристов өз кезегинде этникалык аталыштын келип чыгышын Алтайдагы “Аргун” дарыясынын аты менен байланыштырат. Казак энциклопедиясында бул этникалык аталышка “аруг” (арык) - “таза”, ”тунук”, ал эми “гун” - “байыркы уруу” деген мааниде түшүндүрмө беришкендиги маалым. Казак ономасты Т.Жанузаков А.Н. Кононовдун “арга-гун” термининде байыркы “агда”-“жамаат”, “көпчүлүк”, “топ”, “абдан көп” деген сөзүнүн негизи жатат деген пикирин колдойт[9].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Бутанаев, 1990,81; Молдобаев, 1995, 143.
  2. Аристов, 1894, 365.
  3. Тынышпаев, 1925, 7.
  4. Аристов, 1894, 363.
  5. Аристов, 1894, 363.
  6. Молдобаев, 1995, 144.
  7. аталган эмгек, 144.
  8. Кармышева, 1976, 232-236.
  9. Жанузаков, 1982, 62-63.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]