Ареал

Википедия дан

Ареал (лат. аrеа - аянт, мейкиндик) - таралуу облусу. Ар кандай систематикалык топтогу организмдердин (түрдүн, тукумдун, уруунун ж. б.); белгилүү биотикалык типтердин (мис., арчанын а.) же ар кандай иерархиялык рангдагы экосистемалардын (мис., Кырг-ндагы жаңгак-мөмө токоюнун экосистемасы); окшош жашоо шарттардын (мис., кандайдыр бир түрдүн жашоо стадиясы) А-дары белгилүү. Эгер аймак үзгүлтүксүз ээленген болсо, А. тегиз болот, о. эле үзгүлтүктүү - дизьюнктивдик ареалдар да кездешет (тегиз ээленген эмес).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4