Аридизация

Википедия дан

Аридизация - белгилүү бир чоң территориянын нымдуулугунун 2азаюусуна алып келүүчү татаал жана көп түрдүү процесстер. Бул процесстин натыйжасында ошол экосистеманын биологиялык кунардуулугу начарлайт. Кургакчылыктын натыйжасында толук такырланууга алып келүүчү аридизациялык процесстердин натыйжасында азык-түлүк, тоют, суу, күйүүчү май маселелери татаалданып, экосистемалар терең өзгөрүүгө учурайт. А. ч-сына ыңгайлуу жерде адамдын туура эмес тассиринен такырга айланат. А. процесси көбүнчө жайлоо жана а. ч. аянттарын үнөмсүз пайдалануу аркылуу (токой кыюу, малдын санынын өсүшү, сазды кургатуу ж. б. ишке ашат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4