Аркада

Википедия дан
Аркада.

Аркада (французча arcade) – таяныч түркүктөрү бар аркалардын катары, колонна же пилондор. А. (көбүнчө эки же андан көп ярустан турат) көп учурда имараттын сыртынан, короолордо же кеңири интерьерлерде ачык галереяларды түзүшөт (мис., роман же гот храмдарында) А-нын кичирейтилген сүрөттөлүшү орнамент фризи катары колдонулат. Россияда А. (бийик классицизм) Петербургдун борборундагы шаар куруучу ансамблдерде өнүгө алды; мисалы, К. И. Росси (Башкы штаб Александр театры жана анын жанындагы театр көчөсү), А. Д. Захаров (Адмиралтейство). Орус скульпторлугунда (скульптурасында) бийик классицизм бир катар эстеликтерде (Москвадагы Кызыл Аянттагы К. Минин менен Дм. Пожарскийдин эстелиги, скульптору И. П. Мартос, И. П. Витали, Ф. Ф. Щедрин, С. С. Пименов жана башка иштеринде) чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]