Арноо

Википедия дан

Арноо — жеке бирөөгө же окуяга арналган чыгарма. Кыргыз адабиятынын тарыхында арноо мүнөзүндөгү чыгармалар арбын кездешет. Мисалга Токтогулдун «Бүркүтчү Мамыр жөнүндө», «Айчеке балбан жөнүндө» ырларын алсак болот. Улуу жол башчы, көсөмдөргө арналган В. Маяковскийдин «В. И. Ленин» поэмасын, же адабият менен искусствонуи улуу устаттарына арналган. А. Токомбаевдин Пушкин жөнүндогү «Таланттын жылдызы», «Алишер Навои» сыяктуу ырларын корсотүүго болот. М. Абылкасымованын «Эстелик сүйлойт» поэмасы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналат. Азыркы учурда бул багытта адабий фактылар арбын.

Булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine