Арпа-төктү

Википедия дан
Арпа-төктү
Мүнөздөмө
Узундугу 22 км
бассейндин аянты 125 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан

Арпа-төктү - Чаткал районундагы суу.

Чаткал суусунун сол куймасы. Узундугу 22 км, алабынын аянты 125 км2. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3350 м.

Чаткал кырка тоосунун түндүк батыш капталында жайгашкан мөңгүнүн этегиндеги чакан көлдөн башталып, аскалуу кууш капчыгай аркылуу Чаткал өрөөнүнө чыгат. Жылдык орточо чыгымы 1,60 мЗ/сек. Эң көбү июнь-июлда, азы декабрь-февралда байкалат. Өрөөнү жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6