Арсенопирит

Википедия дан
Арсенопирит.

Арсенопирит (латынча arsenicum - мышьяк жана ппрпт), мышьяк колчеданы - темирдин сульфид-мышьяктуу бирикмелер тобундагы минерал. Химиялык формуласы FеAsS. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү калай сыяктуу бозомук, металл сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5-6. Катуу нерсе менен чапкылаганда, сарымсак жыттанат. Сульфид кенташтары (рудалары) менен аралаш жолугат. Арсенопирит мышьяк бирикмелерин алууда негизги кенташ; андан кээде кобальт менен никель алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]