Арстанбап күмбөзү

Википедия дан

Арстанбап күмбөзү — 16–18-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап кыштагынын аймагында, Арстанбап суусунун сол өйүзүндө. Күмбөздүн туурасы 5,7 м, уз. 9,9 м; кумпа чатырлуу. Күмбөздүн дубалына жалбырактардын, бутактардын сүрөттөрү, оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Арстанбап күмбөзү Орто Азия элдеринин соңку феодализм дооруна таандык курулуш үлгүлөрүнө кирет.

Маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]