Арсы коргошун кени

Википедия дан

Арсы коргошун кени Нарын облусунун Кочкор районунда, Кочкор кыштагынан түндүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун чыгышындагы Арсы сайынын баш жагында, деңиз деңгээлинен 2300–2600 м бийиктикте. 1932-ж. табылып, 1932-35-ж. “Казполиметалл”, 1951-55-ж. “Средазуветметразведка” тресттер, 1959-ж. Кыргыз ССР геол. башкармасы тарабынан геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кендин аймагын карбондун башталышында пайда болгон конгломерат, кумдук, акиташ, сланец жана аларды жиреп чыккан сиенит интрузиясы түзөт. Кен түндүк-чыгышка карай созулуп жаткан тектоникалык терең жараканы бойлой жайгашкан. Мында бири бирин жакын жайгашкан эки руда тилкеси табылган. Биричисинин калыңдыгы 3,4 м, экинчиси жукараак. Руда брекчияланган тоотектердин арасында линза, уя, тарамча жана нокот түрүндө кездешет. Негизги минералдары: галенит, барит, клейофан, халькопирит, гематит, арсенопирит, сфалерит, пирит, ж. б. Баланстан тышкаркы коргошундун запасы 41,3 миң т. Коргошун менен кошо алтын (899 кг), күмүш (15,6 т), барит – (122,8 миң т) алынышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]