Артемида

Википедия дан
Артемида.

Артемида — байыркы грек мифологиясындагы кудай аял; Зевс менен Летонун кызы, Аполлондун эгизи. Алгач Артемида — түшүмдүн кудайы, жан-жаныбарлардын жана аңчылыктын, айдын ийри болсо, кийинчерээк пакизалыктын, ошондой эле амазонкалардын колдоочусу жана кош бойлуулардын пири болуп эсептелет. Аны сүрөтчүлөр, скульпторлор чыгармаларында, көбүнесе ажайып сулуу аңчы кыз катары жаа-жебелери же айдын пири катары башында жарым ай, колунда факели менен чагылдырышкан. Байыркы Рим мифологиясында Артемиданы Диана деп беришет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]