Аполлон

Википедия дан
Аполлон.

Аполлон — грек мифологиясындагы олимпия кудайы. Зевстин жана Летонун уулу, Артемиданын эгизи. Легенда боюнча кызганчаак Гера Зевстин сүйгөнү Летону кургактыкта жашоого тыюу салгандыктан, ал сүзүп жүрүүчү Астерия аралына жашап калып, ошол жерден уул көрөт. Аполлон эрте жетилип, жаш чагында эле ошол аймакты ойрондотуп турган Пифон деген ажыдаарды, ошондой эле анын энесин кемсинтүүгө аракеттенген Титийди, Зевстин чагылганын курчуткан циклопторду өлтүрөт. Олимпиялыктардын гиганттар жана титандар менен салгылаштарына катышат. Троя согушунда Аполлон троялыктарга жардам берпп, Гектордун Патроклды, Паристин Ахиллди өлтүрүшүнө түздөн түз катышкан. Аполлондун ойрондотуучу касиеттеринен тышкары, дарыгерлик касиети да болгон. Аполлон дарыгер же Пеон, Алексикакос, оорулардан жана жамандыктан коргоочу катары да эсептелген. Кийин аны күнгө теңей башташкан. Аполлон уруулардын, ырчылардын, музыканттардын, малдын, шаарлардын башкаруучусу жана пири катары да саналган. Аполлонго сыйынуу Грекияда кеңири тараган, бирок Аполлонго арналган майрамдар негизинен Дельфы храмында өткөрүлгөн. Делостогу Аполлондун храмы Делос союзунун диний-саясий борбору болгон. Кийин Италиянын грек колонияларынын тургундарынан Аполлонду ыйык тутуп, ага сыйынуу Римге өткөн. Римде Аполлон динде жана мифологияда кудайлардын бири катары эсептелип, император Август аны өзүнүн патрону катары жарыялап жана анын урматына мелдештерди уюштуруп, Римдеги эң ажайып жана бай Аполлон храмын курдурган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1