Артериялдык конус

Википедия дан

Артериялдык конус - жүрөктөн чыккан кан тамырдын конуска окшош кеңейген жери, бөлүгү. А. к. кемирчектүү балыктарда жүрөктөн чыккан курсак толтонун кеңейген бөлүгү (жери). Анын ички бетинде кандын кайрадан артка агышын тосуш үчүн клапандар жайланган. Жерде-сууда жашоочуларда А. к. жүрөктүн карынчасынын оң жагынан чыгат, андан өз алдынча 3 жуп артериалдык дого кетет, алар ар бир тараптан сыртынан жалпы чел кабык менен капталып адегенде чогу чыгышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]