Артроз

Википедия дан

Артроз-муундардын өнөкөт оорусу.

Артроздун пайда болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал эндокриндик бузулуу, муун травмасы, организмдеги зат алмашуунун бузулушу, өтө семирүү, ошондой эле муундарга дайым күч келгенден (бийчилерде, спортсмендерде, машинисткаларда жана башка) пайда болот. Тар бут кийим дагы артроздун себеби болушу мүмкүн. Артроз ири (тизе, жамбаш, чыканак, кызыл ашык) жана майда муундарды, анын ичинде омурткаларды (спондилоартроз) жабыркатат.Артроз муунга бириккен сөөктөрдүн учундагы кемирчек бузулуп, жукара баштайт, ошондой эле сөөк тканы жана муун баштыкчасынын ички бети бузулуп, кээде сөөк өсөт.

Артроздун белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгилери — мезгили менен муундар ооруйт. Айрыкча өтө күч келгенде же узакка кыймылсыз абалда болгондон кийин оору күчөйт, муундун кыймылы азаят. Муундар шишимик тартып, ага тийгенде ооруйт, бүккөндө, сунганда кырсылдайт. Муундун формасы өзгөрүп, ири муунда суюктук жыйылышы мүмкүн.

Артрозду дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоо кайсы муундун жабыркаганына жана оорунун абалына жараша жүргүзүлөт. Организмдеги зат алмашуу процессин калыбына келтирүү жана жабыркаган муунга күч келтирбөө керек. Кээде хирургиялык операция талап кылынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8