Артхашастра

Википедия дан

«Артхашастра» (санскр. – пайда жөнүндө, жашоо жөнүндө илим) – байыркы Индия трактаты, мамлекетти башкаруу боюнча көрсөтмөлөрдүн жыйнагы. Болжол менен б. з. ч. 4-к. – б. з. 2–3 к. чейинки мезгилдерде түзүлгөн. Мааниси боюнча «Артхашастраны» изилдөөчүлөр үч темага бөлүшөт: акылдуу падышанын ишмердүүлүгү жана функциялары; башкаруу жана укук; согуш жана дипломатия проблемалары. "Артхашастра" – бул бийликти алуу жана кармап туруу жөнүндөгү илим. Булардан тышкары «Артхашастра» трактатында Индиядагы саясий ойдун салтына мүнөздүү көптөгөн проблемалар козголот. Анда саясаттан жана башкаруунун ыкмаларынын тизмеги, бийликке баш ийбөөчүлүк идеясы ж. б. бар. «Артхашастра» – Индиядагы саясий ойдун өнүгүшүн изилдөөдө негизги булактардын бири.


Китептин маалыматтары: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9