Дипломатия

Wikipedia дан
Ger van Elk, Symmetry of Diplomacy, 1975, Groninger Museum.

Дипломатия – белгилүү бир мамлекеттин тышкы саясатына байланышкан милдеттерин, максатын жүзөгө ашыруу үчүн өкмөт башчысы же атайын органдар жүргүзгөн саясат. Адатта Д-ны кээде «тышкы мамилелер жөнүндөгү илим», «сүйлөшүү өнөрү» деп да аныкташкан. Д. термини Байыркы Грецияда чет өлкөлөргө жиберилүүчү атайын адамдардын өкүлдүгүн көрсөтө турган ишеним грамотасы – «диплома» деген бүктөлмө тактайдын атынан чыккан. Д. негизинен мамлекет жаралгандан кийин пайда болгон. Д-нын жолдору жана иш- аракети дайыма өзгөрүп турган. 15-кылымда чет өлкөлөрдө туруктуу өкүлдөр пайда болуп, Д-лык иммунитет, даражалар (Д-лык рангдар) келип чыгат. 17-кылымдан тартып эл аралык конференция, кон-гресстер чакырыла баштайт. Д-лык иштерди атайын элчиликтер, миссиялар же ишенимдүү адамдар жүргүзүшөт.

Алар Д-лык мыйзамдардын артыкчылыктарынан пайдаланат. Эл аралык укук Д-лык өкүлдөрдүн өздөрү иштеп турган мамлекетин ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербейт. Д-лык иштердин негизги түрлөрү: дипломатиялык өз ара сүйлөшүү, келишим (договор) түзүү, конференция, конгресс өткөрүү, эл аралык уюмдардын иштерине катышуу. 20-кылымда Улуттар Лигасы, Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу ири эл аралык уюмдар түзүлгөн. Кыргыз Респ-сы суверендүү эркин мамл-ке айлангандан бери анын тышкы мамлекетер менен болгон Д-лык байланыштары күч алды. Кыргыз Д-сынын учурдагы максаты – өлкөнүн түпкү таламдарын чечкиндүү коргоо, эл аралык аренада, респ-да коомду жакшыртууга зарыл болгон бардык шарттарды түзүү, кыргыз элинин улуттук эркиндиги менен көз карандысыздыгын колдоо, башка мамлекетердин чоң-кичинелигин ылгабай суверенитетин урматтоо жана алардан да ошондой калыс мамилени талап кылуу. Кыргыз Д-сынын багыттарын, мазмунун жана методдорун иштеп чыгуу менен, ийкемдүүлүгүнө, бийиктигине умтулуу жана келечегине кам көрүү.

Маалыматтын булагы[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003