Артыкбаев Качкынбай

Википедия дан

Артыкбаев Качкынбай - сынчы, илимпоз, адабиятчы, акын, публицист, котормочу, устат педагог. 1934-жылы 15-декабрда Москва районунун Кепер-Арык айылында туулган. 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1966-жылы филология илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук даражага ээ болуп, 1983-жылы докторлук диссертациясын жактаган.

Эмгек жолун 1956-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштаган. 1959–1961-жж. «Ала-Тоо» журналынын сын бөлүмүнүн башчысы. 1961–1967-жж. Кыргызстан мамлекеттик басмасында көркөм адабият редакциясынын башчысы, 1967-жылдан Кыргыз Мамлекеттик университетинде: улук окутуучу, доцент, профессор болуп эмгектенүүдө. 1976–2007-жж. отуз жыл бою кыргыз адабияты кафедрасын башкарган, 1970–1974-жж., 1989–1991-жж. Кыргыз филологиясы факультетинин деканы болгон.

Мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда коомдук башталыштагы ондогон кызматтарды аткарган: Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук Аттестациялоо Комиссиясынын президиум мүчөсү (1992–2002), КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү (1989–1999), «Кыргызстан маданияты» гезитинин редколлегия мүчөсү (1968–1992), Кыргыз ССР жогорку окуу жайлар министрлигинин илимий-методикалык советинин, Кыргыз ССР агартуу министрлигинин илимий-методикалык советинин кыргыз филологиясы секциясынын төрагасынын орунбасары, Кыргыз тили коомунун президиум, «Кыргызстан», «Мектеп», «Адабият» басмаларынын редакциялык советтеринин, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин мүчөсү катары эмгектенди.

К.Артыкбаевдин жетекчилиги менен филология илиминин 13 кандидаты өсүп чыкты. К.Артыкбаевдин адабий сынчылык ишмердиги жөнүндө кандидаттык диссертация белгилүү адабиятчы, сынчы С.Карымшаков тарабынан корголду.

К.Артыкбаев 600дөй илимий, публицистикалык макалаларды жарыялаган. Алардын тизмеси КР улуттук китепканасы 2004-жылы жарыялаган «Качкынбай Артыкбаев» деген библиографиялык көрсөткүчтө (130 б.) берилген.

Адабий сын макалаларын, ырларын студент кезден эле жарыялай баштаган. «Чалгын» аттуу алгачкы китеби 1962-жылы жарык көргөн.

Автор Р.Гамзатовдун, М.Миршакардын ырларын, поэмаларын, чыгыш классиктери Ж.Баласагындын, Мырза Шафинин ж.б. поэзиясын кыргыз тилине которгон.

1958-жылдан СССР Журналисттер, 1962-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Ардак белгиси» ордени, «Эмгек ветераны» медалы, «Даңк» медалы, «Эмгек мелдешинин жеңүүчүсү», мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, КПСС БКнын, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПСтин, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Маданият министрлигинин, редакциялардын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын академиги (1992), Эл аралык Айтматов атындагы академиясынын ардактуу академиги (1999) болуп шайланган. СССРдин эл агартуусунун, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги.

«Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы» китеби, «Аалы Токомбаевдин акындык чеберчилиги», «Кубанычбек Маликовдун чыгармачылыгы» монографиялары үчүн, Кыргыз Республикасындагы илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болуп, КМУнун Ж.Баласагын атындагы сыйлыгы ыйгарылган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чалгын: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 275 б.

Байчечекей: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1964. – 168 б.

Баатырлар сымбаты: Тарыхый-публицистикалык очерктер (А.Табалдиев менен). – Ф.: Мектеп, 1965. – 140 б.

Изденүүлөр жана табылгалар: Аалы Токомбаевдин акындык устаттыгы жөнүндө. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 308 б.

Ар түрдүү издер: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 159 б.

Тоолор менен сырдашуу: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 140 б.

Сын сапары: –Ф.: Кыргызстан, 1970. – 254 б.

Чыгармалар жана ойлор: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 245 б.

Жаркын өмүр: Ырлар, поэмалар, котормолор. – Ф.: Кыргызстан, 1975. – 206 б.

Мезгил элестери: Адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 196 б.

Жолдор жана тагдырлар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 179 б.

Кыргыз совет адабиятынын тарыхы: – Ф.: Мектеп, 1982. – 518 б.

Тандалмалар: Изилдөөлөр, адабий-сын макалалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 333 б.

Таазим: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1987. – 200 б.

Адабият таанууга киришүү курсунун программасы (Ж.Шериев менен бирге). – Ф.: КМУ, 1982 – 20 б.

Биздин адабият. IV класс үчүн окуу китеби (Б. Исаков менен бирге). – Ф.: Мектеп, 1988. – 352 б.

5-класста биздин адабиятты окутуунун методикалык колдонмосу. Мугалимдер үчүн. (Б. Исаков менен бирге). – Ф.: Мектеп, 1988. – 95 б.

«Кыргыз адабиятынын тарыхы (байыркы мезгилден XX кылымга чейин)» курсу боюнча программа. (А.Абдыразаков менен бирге). – Ф.: КМУ, 1990. – 36 б.

Аалы Токомбаевдин акындык чеберчилиги: Окуу куралы. – Ф.: КМУ, 1990. – 143 б.

Биздин адабият. V класс үчүн окуу китеби (Б. Исаков менен бирге). – Ф.: Мектеп, 1990. – 288 б.

Акыйкат сабагы: Адабий-сын макалалар, изилдөөлөр, адабий портреттер. – Б.: Адабият, 1991 – 288 б.

Кыргыз акындарынын чыгармачылыгы: Окуу куралы. III бөлүк. (Авторлош). – Бишкек: КМУ, 1992 – 99 б.

Кубанычбек Маликовдун чыгармачылыгы: Окуу куралы. – Б.: КМУ, 1992. – 118 б.

XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы: Окуу программасы. – Б.: КМУ, 1995. – 86 б.

Талант сыры: Адабий изилдөөлөр, адабий портреттер. – Б.: КЭнин башкы ред. – 1994 –334 б.

Замана: Ырлар жана дастандар. – Б.: Учкун, 1994. – 208 б.

«Кыргыз адабиятынын тарыхындагы коомдук-саясий ойлордун өнүгүшү» курсу боюнча окуу программасы. – Б.: КМУУ, 1998. – 16 б.

Биздин адабият: V класс үчүн окуу китеби (Б. Исаков менен бирге). – Б.: Кыргызстан, 1998. – 445 б.

Жусуп Баласагын жана Махмуд Кашкардын мурастары: Окуу ку-ралы (авторлош). – Б.: 1999. – 230 б.

Мамлекеттик тилдин маселелери: Окуу куралы. – Б.: 1999 – 131 б.

Адабият таанууга киришүү: Окуу куралы. – Б.: 1999. – 73 б.

Кыргыз адабияты: ХI класс үчүн окуу китеби (авторлош). – Б.: Педагогика, 2000. –288 б.

Байыркы мезгилден ХХ кылымга чейинки кыргыз адабиятынын тарыхы. Кыргыз акындар чыгармачылыгынын тарыхы: Окуу программалары (А.Абдыразаков менен бирге). – Б., 2003. – 60 б.

ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы: Окуу программасы. – Б., 2003. – 106 б.

Кытайдагы кыргыздардын эл оозеки чыгармачылыгы жана адабияты: Окуу программасы (Н.Турдубаева менен бирге). – Б., 2003. – 42 б.

Адабият таанууга киришүү: Окуу программасы (Ж.Шериев, С.Карымшаковдор менен бирге). – Б., 2003. – 26 б.

Аалы Токомбаев: Монография. – Б.: Бийиктик, 2003. – 384 б.

ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы: Жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн. – Б., 2004. – 656 б.

Биздин адабият: V класстар үчүн окуу китеби (Б.Исаков менен бирге). 4-басылышы. – Б., «Акыл» ААК – Мектеп, 2004. – 446 б.

Кыргыз адабияты: Орто мектептин ХI классы үчүн окуу китеби (К.Асаналиев, С.Байгазиев ж.б. менен авторлош). 2-басылышы. – Б.: Бийиктик, 2004. – 336 б.

Жусуп Баласагын тууралуу баян (китептин түзүүчүсү жана авторлордун бири К.Артыкбаев). – Б., 2004 – 344 б.

Дил сыры: Ырлар, поэмалар, котормолор. – Б., 2004. –680 б.

Адабият таанууга киришүү: Окуу куралы. – Б.: ААК «Акыл». – 2005. –95 б.

Анвар Байтур: Кыргыз тарыхы лекциялары (Араб арибинен которгон К.Артыкбаев, Т.Абдылдабеков). – Б., 2005. – 243 б.

Адабият. 1- бас. (Б.Исаков ж.б. менен бирге). Өзбекстан Республикасынын элге билим берүү министрлиги бекиткен. – Ташкент, 2005. – 224 б.

Бүтпөгөн күрөш баяны (Өмүр элестери, адабий изилдөө, макалалар, рецензиялар, публицистикалар). – Б.: Бийиктик, 2006. – 646 б.

Кыргыз адабияты: Орто мектептин ХI классы үчүн окуу китеби (К.Асаналиев, С.Байгазиев ж.б. менен авторлош). Оңдолуп, толукталып 3-басылышы. – Б.: Билим-компьютер, 2007. – 335 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мой день. В кн.: Ключ сердца. Стихи . – Ф.: 1965. – 18-48 с.

Дороги и судьбы: Стихи и поэма. – Ф.: Мектеп, 1972. – 80 с.


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гамзатов Р. Менин чоң атам: Ырлар. – Киргизучпедгиз, 1960. – 18 б.

Мирсаид Миршакар. Федя. Поэма/Памирские звезды. – Ф.: 1962. – 285 – 291 б.

Мырза Шафи. Ырлар // К. Артыкбаев. Жаркын өмүр. – Ф.: 1975, 189 – 203 б.

Жусуп Баласагын. Кутадгу билиг: Дастандан главалар//К.Артыкбаев. Тоолор менен сырдашуу: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1968, 118–138-бб.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]