Археологиялык карталар

Википедия дан
Археологиялык карта.

Археологиялык карталар - белгилүү бир аймактагы археологиялык эстеликтердин жана алардын тизмесин, археологиялык маданияттын жайгашкан ордун, таралышын көрсөтө турган карталар. Археологиялык карталар эстеликтердин же археологиялык маданияттын айрым түрлөрү боюнча же айрым мезгилдерди, бүтүндөй бир доорду кучагына алган хронологиялык карта болуп түзүлүшү мүмкүн. Ушундай карталардын базасында жыйынтыкталган жалпы археологиялык карталар түзүлөт. Кыргызстанда кээ бир райондор боюнча археологиялык карталарды А.И. Бернштам, А К. Кибиров, П. Н. Кожемяко, Ю. А. Заднепровский жана башка адистер түзүп чыгышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]