Арчалы марганец кени

Википедия дан

Арчалы марганец кени - Нарын облусунун Тянь-Шань районунда. Нарын шаарынан 50—60 км түндүк-чыгыш тарапта, Жетим - кырка тоосунун түндүгүндө Арчалы суусунун сол жээгинде. 1956-ж. табылган. Кен жаткан жерде байыркы казындылар бар. Кендин аймагын кембрий мезгилинде пайда болгон аки таш теги, сланец, кремний, ордовикке таандык сланец, яшма жана палеоген-неогендин конгломерат, кумдук, чопо тектери түзөт. Heгизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломеланвад, гематит, лимонит ж. б. Кен жанар тоо-чөкмө жолу менен пайда болуп, линза, тарам, уячалар түрүндө, ордовиктин гематит-кремнийлүү сланец жана яшмадан турган тоо тектеринде топтолгон. Руда кабатчаларынын калыңдыгы 30—40 м, узундугу 100—150 мге жетет, андагы марганец орто эсеп менен 15,4%.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1