Арчалы яшма кени

Википедия дан

Арчалы яшма кени - Нарын облусунунда, Кең-Саз кыштагынан 21 км чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун жонунда, деңиз деңгээлинен 3226 м бийиктите. 1964-ж. табылып, 1972–73-ж. геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын ордовик мезгилинин башталышында пайда болгон сланецтер түзүп, алардын арасында катмар түрүндө яшма жана кремнийлүү тоотектин катмарчалары жатат. Яшма негизинен ачык кызыл түстө болуп, арасында ак, боз жана кызгылт көк түстөгүлөрүнүн жука кабатчалары жана линзалары кезигет. Яшма кабатынын калыңдыгы 10 м, узундугу 12-15 м. Жаракалуу таш блоктордун өлчөмү 20x20x25 см ге жетет. Яшманын арасында темир-марганецтүү тоотек катмарлары бар. Алар кара, кызыл, күрөң түстөрдөгү жука тилкелерден түзүлүп, булардын айкалышында өтө кооз оймо-чийме байкалат. Айрыкча толкун сымал чийиндер өтө кооз көрүнөт. Бул катмарлардын калыңдыгы 2–7 м, узундугу 75 м. Чыккан блоктордун өлчөмү 151520 см. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жалтырап калат. Болжол ресурсу 2700 м3, кремнийлүү тоотектики – 15000 м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1