Арча-Башы мөңгүсү

Википедия дан

Арча-Башы Мөнгүсү, Арчабашы мөнгүсү — Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 12,3км,аянты 25,4км. Абляция облусунун аянты 9,1 км2. Арча-Башы Мөңгүсү Кожашкан суусунун төрүндө жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 4900 м, этеги 3100 м. Кар чегинин бийиктиги 3900 м. Мөңгүдөн Арча-Башы суусу башталып, Сохтун оң курамы Кожашканга куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]