Кожо-Ашкан

Википедия дан
Кожашкан‎»‎ барагынан багытталды)
Кожо-Ашкан.

Кожо-Ашкан, КожашканБаткен районундагы суу, Сохтун оң куймасы. Узундугу 57 км, алабынын аянты 1060 км2. Жылуу-Суу жана Гөөмүш сууларынын кошулушунан пайда болуп, түштүк-батышты карай агат. Гөөмүш Куруксай тоосунан, Жылуусуу Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Алабынын деңиз деңг. ортчо бийиктиги 3200 м. Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агат. Өзөнүндө шар-кыратма жана босоголор кездешет. Негизинен кар (65%), мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык ортчо чыгымы 4,56 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь–июлда, азы мартта байкалат. Май айында кирип, ноябрда тартылат. 15 куймасы бар, ирилери: Тилбе (14 км), Арчабашы (18 км), Жылуусуу ж.б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кожашкан, Шудман, Зардалы кыштагы жайгашкан.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]