Арыш

Википедия дан

Арыш — бир нече уруу топторунун бирикмеси. Негизги варианттардын бардыгында кездешет. РВЖ боюнча Алмамбет туруктуу түрдө «калмак» деп аталат да, «төрт арыштуу ойроттун төрөсүнүн баласы» катарында Эртыштын башын жердеген баатыр болуп саналат. Демек, эпосто «төрт арыштуу ойрот», башкача айтканда төрт уруулар тобунун бирикмеси (калмакча «Дөрбөн ойрот») алардын ордо конуштары да Эртыштын башында болгондугу сүрөттөлүү менен Ойрот-Жунгар мамлекети жөнүндөгү тарыхый чындыкты чагылдырган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4